Кар көчкүдөн улам жабылган Бишкек-Ош унаа жолу саат 15:20да бир тарапка ачылды. Учурда тыгында туруп калган унаалар өткөрүлүп жатат. Жолду кеңейтүү иштери топтолгон унаалар өтүп бүткөндөн кийин башталат. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Айта кетсек, кар көчкү бүгүн саат 11:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымына түшүп, анын узундугу 120 метр, бийиктиги 1,5 метрди түзгөн. Жолду тазалоого №9-Жол тейлөө ишканасынан 6 техника тартылган.