Мас абалындагы өзбек жаранынын айынан учак Самарага айласыз конууга мажбур болду

Мас абалындагы өзбек жаранынын айынан учак Самарага айласыз конууга мажбур болду. Бул тууралуу Куйбышевдин Транспорттук прокуратурасынан жергиликтүү маалымат булактарына билдиришкен.

Маалыматта айтылгандай, Киевден учуп чыккан учак борттогу мас абалдагы жүргүнчүнүн тынч отурбаганынан улам Самаранын аэропортуна конууга аргасыз болгон.

"7-декабрдан 8-декабрга караган түнү саат 02:00дө Airbus 319 учагы Киев-Алматы аба каттамы боюнча учуп чыккан. Самара шаарына жакындап калганда планда жок жерден учак аэропортко конгон. Учактын пландалбай конушу кооптуу. Муну териштиргенде бортто 1983-жылы туулган Өзбекстандын жараны мас абалында бортто ызы-чуу салып, өзү менен кошо рейсте бара жаткан аялын уруп киргени аныкталган. Аталган жүргүнчү каттамдан түшүрүлүп, учак болжогон жерине кайрадан учуп кетти. Ал эми тартип бузган жаран боюнча протокол түзүлдү. Учактын планда жок конушу тууралуу учурда полиция териштирүү иштерин улантууда", - деп жазылат аталган прокуратуранын маалыматында. Учактын ичинде 50 жүргүнчү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tairova8484
2016-12-08 16:50:57
жакшы озбек экен
-16
Kroxa
2016-12-08 16:53:16
Эми канча мин шраф толойт,конгон расходун толотот...
+9
Azizbek.kg8
2016-12-08 16:55:55
Алына карап ичпейби
+6
BlackMan
2016-12-08 17:07:55
е айнектен нары ыргытып жибербейби))
+33
Alibek-0001
2016-12-08 17:14:45
1охраник жок бекен м мас озбеке алы жетпеген
-13
ice87
2016-12-08 18:44:53
Ооба да,бир адамга алы жетпептирби?Пыстырып коюшпаптыр да
-1
anar8672
2016-12-08 19:30:02
Аялы мине болду экен калдыбы же самалётто учуп кеттиби ошо менен калганы жакшы антпесе уйуно жетип келип дагы урат
+7
Targarien
2016-12-08 20:30:56
Мен москвадан ошко келе жатканда бир кыргыз байке абдан мас экен абдан тоскоол болгон адамдарга буларды аэропорттон эле киргизбей коюш керек
+5
demo009
2016-12-08 23:54:45
Бир жолу эки кыргыз брат маас,самолетто урушуп кетти бирөөсү экинчисине түшүп кет түшүп кет деп койот,Крга баргыча жыргап калгам,бөлүштүргөнбүз эки жакка отургузуп
+6
Kroxa
2016-12-09 00:50:27
Былтыр кышта Бишкектен самолет ордунан жылып журуп баратса бироо мас кусам,туалетти ач деп проводниктерди беймаза кылып,кыздар барып летчикке айтып кайра артка айлнып келип багажын кошо тушуруп,охрана чакыртып салып берип салган анын айынан 40 минут заддержка менен учтук,аябай узаткан досторуна кайра барып кошулуп калды го деп кулдук..
+6
tynara81
2016-12-09 10:15:12
Самалётко жанагыдай текшерүүдөн өткөрүп, спирт ичимлиги жыттангандарды салбай турган кылыш керек окшойт.
+1
kalbek87
2016-12-09 11:33:27
Аялын урганына караганда озун уйдо жаткандай элестеткен го байкуш мас.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан