Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги социалдык төлөмдөргө 626 миллион сомдон ашык каражат жумшады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда кабарлады.
"Республикалык бюджеттен мамлекеттик жөлөк пулга 488 миллион 500 миң сом жумшалды. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга 29 миллион 400 миң сом керектелди", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары аза кызматтарына жана каралган жеңилдиктерге 108 миллион 400 миң сом коротулганы маалым болду.