Буга чейин Бишкектеги гипермаркеттердин биринде сатылган күрүчтөн өлгөн чычкандын чыкканы тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирген. Анда ал: "Фрунзе" гипермаркетине күрүч алганы келип, андан өлгөн чычканды көрүп калдым. Администрацияга айтсак, кош көңүл мамиле жасап коюшту. Мындай көрүнүштөр башка дүкөндөрдө да болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан андай нерселердин алдын алыш керек", - деп жазган.
Бул окуянын чынында эле болгонун "Фрунзе" гипермаркеттер тармагынан тастыкташты. Алардын SUPER.KG порталына берген билдирүүсүндө төмөндөгүлөр айтылган:
"Окуя тууралуу ички иликтөө жүрүп, анын жыйынтыгында факт тастыкталды. Учурда күрүч сатыктан алынып, утилизация кылыш үчүн жеткирүүчүгө өткөрүлүп берилди. Ал эми күрүчтүн башка партиясы тыкыр текшерүүгө алынды. Жеткирүүчүгө карата тиешелүү чаралар көрүлдү. Шаар тургундарынан кечирим сурайбыз".