Нарын-Казарман унаа жолундагы Кара-Көө ашуусунда кар түшүү коркунучу сакталууда

Нарын-Казарман унаа жолундагы Кара-Көө ашуусунда кар түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Нарын облусунун тоолуу райондорунда, Нарын-Казарман унаа жолунун Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

"Жол кырсыктарынын алдын алуу, көчкү түшүү коркунучун эске алуу менен Нарын ОИИБи айдоочуларды, автоунааларын техникалык жактан жабдуу менен бардык жол эрежелеринин коопсуздугун сактоону эскертет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан