Кочкордогу №4144-шайлоо тилкесинде "компьютерлер бузулду" деген шылтоо менен ыплас шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына Кочкор районунун тургуну билдирди.
Анын айтымында, аталган шайлоо тилкеси Кочкор районунун Көк-Жар айылында жайгашкан.
"Ыплас шайлоонун башында айыл башчы Жылдызбек Сабыржанов турат. Ал өзүнүн адамдарын өткөрөм деп ушундай кадамга барууда. Компьютер оңдогон адистерди да сатып алып коюшканбы, айтор, алар да "оңдолбойт" деп жолго салышты. Эмнеге ошол компьютерлерди мурда эле оңдоп, текшерип коюшпайт? Биометрикалык каттоодон эмнеге өттүк? Акыры баягы эле таз кейпибизди киет экенбиз да", - дейт тургун.