Кыргыз тарап "ЕАЭБдин талабы" деп кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарын жаңылоодо

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 12-декабрда кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" жана "Кең-Булуң" өткөрүү пункттарын жаңылоонун жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка таянсак, "Токмок" өткөрүү пунктунда курулуш иштери 2016-жылдын сентябрында башталган. Объектти 2017-жылдын январь айында ишке берүү пландалууда. Курулуш иштеринин баасы 28 миллион сом. Жаңыланган пункттарда чек арадан өткөрүүнүн автоматташтырылган системи ишке киргизилет, максат - жарандарды чек арадан өткөрүү ишин тездетүү. "Кең-Булуң" пунктунун жаңыланган объекти 2017-жылдын март айында пайдаланууга берилет.

Бул иштер ЕАЭБ талаптарына ылайык, чек ара инфраструктурасын жакшыртуу максатында жасалууда. Бирок Казакстан тарап ЕАЭБдин айрым талаптарын аткарууга шашылбай эле. Мисалы, 1 жылдан ашык убакыттан бери чек арасынан ветеринардык көзөмөлүн албай жатат. Мунун айынан кыргыз дыйкан-фермерлери өндүргөн продукцияларды Орусия, Беларусь, Казакстанга экспорттоодо мурда убадаланган жеңилдиктер берилбей келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ularik_kg
2016-12-13 10:43:19
Кыйраткылачы коробуз акыры барып не болот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан