Аба ырайы турукташып, "Ош" Эл аралык аэропорту толук кандуу иштей баштады

Аба ырайы турукташып, "Ош" Эл аралык аэропорту толук кандуу иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда аэропорттун директору Талант Исаков билдирди.

"Бүгүнкү күндө аэропорт толук кандуу иштей баштады. Баары турукташып, нормалдуу иштеп жатат. Буга чейин 19 каттам токтотулган эле. Учпай калган каттамдардын баары өз даректерине учуп кетишти. Жалпысынан 2 күн учууга мүмкүн болбой калды, анткени аба ырайынын катаал шарты тоскоолдук жаратты", - деп билдирди Исаков.

Эске салсак, буга чейин туманга байланыштуу 7 рейс кармалып турат деп "Манас" Эл аралык аэропортунан кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG.Kushtarbek
2016-12-13 11:02:31
Кечее учушум керек еле бугун учтумгоо дагыда жакшы иштей елек болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан