Өзгөндөгү №5057-шайлоо тилкесинде 40 бюллетень уурдалганын окурман бүгүн, 20-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Жакында өткөн шайлоодо Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылындагы №5057-шайлоо тилкесинде 40 добуш же бюллетень уурдалган. Биздин кичинекей айылыбыз үчүн 1 добуш да маанилүү. Шайлоочулардын саны 2112 адам. Добуш бергендердин саны 1158 болсо, 1127синин добушу саналган. Ал эми компьютерге түшкөн маалымат боюнча 1118 гана адам добуш берген. 40 добуштун айырмасы чыгып жатат. Бул шайлоого катышпаган адамдардын ордуна башка бирөөлөр кол коюп, добуш бергенинен кабар берет", - дейт окурман.
Ошондой эле окурман жиберген видеодо айрым шайлоочулардын паспорттук номери жок, бирок колдору коюлган тизме көрсөтүлөт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.