Прозаик, Кыргыз ССРинин Билим берүү боюнча отличниги, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, жазуучу жана философ Өскөн Даникеев 82 жашка толду. Ал 1934-жылы 21-декабрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Чоң-Жар айылында туулган.
1948-1951-жылдары Бишкектеги №5-кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланып, 1951-жылы Москвадагы Тоо-кен институтуна кабыл алынган.
1956-1962-жылдары өз кесиби боюнча республиканын кендеринде, Кыргыз ССР Эл чарба советинде жетектөөчү инженер, ал эми 1962-1975-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда алгач окутуучу, кийин кафедранын доценти болуп иштеген.
Билим берүү тармагында биринчи болуп 1970-жылы кыргыз тилинде "Сызма геометрия" окуу китебин жазган. 1974-жылы "Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн" түзгөн. Ө.Даникеев Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун жогорку адабий курсун аяктап, адегенде "Ала-Тоо" журналынын проза бөлүмүн жетектеп, андан соң жазуучулар уюмунун адабий кеңешчиси катары кызмат өтөгөн. 1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган.
Ө.Даникеевдин "Бакир" баяны 1961-жылы жарыяланган. Кийин "Кыздын сыры" аттуу повести жарык көрүп, орус, француз жана башка тилдерге которулган. Автордун "Көкөй кести" романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
Жазуучу Фёдор Достоевский, Николай Лесков, Николай Анкилов, Азиз Несин, Александр Вампиловдун чыгармаларын которуп, драмалык чыгармалары облустук, республикалык театрларда коюлган. Ө.Даникеев СССР Жазуучулар союзунун Адабий фонд башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоолор боюнча борбордук комиссиясынын, ошондой эле республикалык, эл аралык бир катар уюмдардын мүчөсү болгон.
Эл ортосундагы ынтымак, бейпилдикти сактоо, бекемдөө жаатындагы үзүрлүү ишмердиги үчүн ага Советтик тынчтык фонду менен Эл аралык Тынчтык фонддор ассоциациясынын Алтын медалдары ыйгарылган. И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору болуп, III даражадагы Манас, Ардак белгиси ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ошондой эле 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу", 2003-жылы "Бишкек шаарынын ардактуу жараны" деген наамдар берилген.
21-декабрга карата жылнаама.