ЭЛДИК КАБАР: "Ош облустук балдар клиникасында операция болгон балам хирургдун шалаакылыгынан кыйналды" дейт окурман

Ош облустук балдар клиникасында дарыгерлер бейтаптарды тиешелүү деңгээлде карабай жатышканын окурман бүгүн, 21-декабрда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына айтты.

"Баламдын аппендицитин алуу боюнча операцияны 8-декабрда хирург Калдар Айбашов жасаган. Андан көп өтпөй ал жери ириңдеп, балам кыйналганда "паника кылба, керек болсо балаңды ошол бойдон чыгарып кет" дегенинен унчукпай калгам. 13-декабрда нөөмөттөгү дарыгер операция болгон жерин ачып, ириңин жарып чыгарды. Бул биринчи окуя эмес. Бизден башка 3,5 жашар баланын ичинде түтүк калып калыптыр. Кайра операция жасап алып чыкты. Биздин укукту ким коргойт?" - деген суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Ооруканада баламды жакшы карабай коюшту" дейт эне
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazgulum
2016-12-21 13:07:22
Элдик кабарда не бар окуп комент жазып чыгып кетет суперге жазгандай керектуу жерге жогор жака арыз жазыш к.к
+2
meni_kut
2016-12-21 18:49:32
nazgulum,коп окуялар суперден чечилди
+2
Usow
2016-12-21 14:24:10
Бул жерге жазгандан сон бироо караса экен ошо иш боюнча
+3
Rifle_I
2016-12-21 20:56:30
Кудай сактасын да , кээде мындай окуялар врачтан көз каранды эмес. Кээде бир кичине нерседен жалкоолонуп, аягында ырбап кетет.
Врачты жоготуш керек, же дагы бир жаман нерсени жазып отурбай эки жактуу карагыла. Аппендицит убагында жасалбай калганы үчүн да адамдар өлгөн учурлар болгон.
+1
Umarbalapanym
2016-12-22 01:23:29
Бизде аябай коп андай шалаакы врачтар,адамдын жаны темир эмес го.
+1
Totyua.71.
2016-12-22 06:18:09
келип келип эле акчага токтолобуз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан