Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында март айынан бери 117 курал-жарак алынды

Жалал-Абад облусунда март айынан бери 117 даана курал-жарак алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2016-жылдын март айынан бери 15 жолу мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды алуу боюнча рейд жүргүзүлдү. Анын алкагында жашоочулардан 117 даана ар түрдүү курал-жарактар алынган. Анын ичинен 45 даана курал мыйзамсыз сакталган. Ал эми жашоочулар 68 даана куралды өз ыктыяры менен тапшырышкан", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мекеме-ишканалардан 4 даана травматикалык тапанча, 29 даана ок-дары алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurik838383
2016-12-22 16:01:49
Ушуну там койбопсунар да, же туугандардан таптынарбы
0
ozgeldi
2016-12-22 20:29:33
Мага бергилечи бирди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан