Окурман Бишкектеги "Дыйкан" базарындагы тыгындан улам кардарлар унааларды 1,5-2 чакырым алыстыкта токтотуп жатышканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 26-декабрда билдирди.
"Дыйкан" базарынан соода кылуу өтө кыйын. Унаа тыгынынан улам унаамды 1,5-2 чакырым алыстыкта токтотуп, кайра 300 сомго араба жалдап, 3 саат дегенде араң соода кылып келдим. Ушу базарды чет жакка көчүрсө болот да. Жол тыгыны да азаймак. Мындай көрүнүш жалгыз эле бул базарда эмес, "Ош базарында" да ушул көрүнүш. Унааны жолдун четине токтотсоң да 30 сом төлөйсүң же патрулдук кызматкер айып салат. Базарлардын жанына базардын өзүнөн чоң унаа токтотуучу жай ачуу керек", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.