23-декабрда Ала-Белде жүк ташуучу унааны кар көчкү оодарып кеткен, айдоочуга жардам берген эч ким жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
Видеодо айдоочу Орусиядагы мекендештер үй-бүлөлөрүнө Жаңы жылга карата аманат берип жиберишкенин айтып, кар көчкү унаасын оодарып, сууга түшүп калганын айтат.
"Сабыр кылып туруңуздар, унаамды чыгарсам эле аманаттарды жеткирип берем", - дейт айдоочу.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.