Бүгүн, 26-декабрда Ош облусунун Араван районунда шайлоо маалында иштеген кызматкерлер маянасын албаганын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдиришти.
"Ош облусунун Араван районунда жакында өткөн шайлоодо иштеген операторлор бир эле бул шайлоодо эмес, мурдагы шайлоолордо иштеген эмгек маянасын ала албай келишет. Шайлоого чейин көптөгөн убадалар айтылган. Каттоо кызматына да, акимчиликке да кайрылсак, жооп бербей качып жатышат. Андан сырткары шайлоого чейинки жана ошол күнкү бир да чыгымдарды өкмөт көтөргөн жок. Шайлоодо иштөө татаал болду, себеби жүздөгөн адамдардан сөгүш, уруш укканга мажбур болдук. Каттоо кызматынын ошол күнү берген жабдуулары иштебей калган учурда түшүнбөгөн эл ар кандай иштерге барды. Эмгек акыбызды батыраак берүүсүн суранабыз. Кээ бирибиз ошол күндүн чыгымдарын насыя менен бүтүргөнбүз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.