Кышкысын көмүр ташыгандарга Кызарт ашуусунан өтүү оор болууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Жумгал жана Кочкор райондорунун ортосунда жайгашкан Кызарт ашуусу деңиз деңгээлинен 2664 метр бийиктикте жайгашкан. Бул ашуу аркылуу Кара-Кечеден көмүр тартып келе жаткан жана бара жаткан 300дөн ашуун оор жүк ташуучу унаалар өтө албай кыйналышууда. Узундугу 3-4 чакырымга жеткен тыгын айдоочуларды кыйнап, чыгымга учуратат", - дейт окурман.
Анын айтымында, ал аймакта иштеген Жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын тиешелүү техникасы жок.
"ЖЭБ кызматкерлеринин бир да техникасы жок, жол тайгак. Жолдон чыгып, кырсыкка учураган унаалар бир нече күндөн бери жатышат. Эмне үчүн ЖЭБдин техникалары жок? Айдоочулар көмүрдү ушундай азап менен тартып келишет, бирок аны билбеген эл көмүрдүн баасын кымбат дейт. Эгер ЖЭБ техникалары менен кышкысын жолду өз убагында тазаласа, айдоочуларга шарт түзүлүп, көмүрдүн баасы арзандайт беле..." - деген оюн билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.