Окурман Бишкек-Ош жолунда жол тыгыны жаралып, 3-4 сааттан бери жолдо турганын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 27-декабрда билдирди.
"Жолдо тыгындын жаралышына эч кандай аба ырайы себеп болгон жок. Айдоочулардын бири-бирине болгон сый-урматынын жоктугуна байланыштырып жатам. Жолдун катаалдыгына карабай бири-биринен өтүү максатында эрежелерди бузуп, фуралар менен жеңил унаалардын айдоочулары атаандашып, тыгын пайда кылып жатышат. Алыс жолдо айдоочулар жол коопсуздугунан дагы өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып жатышкандары таң калтырууда. Жетер жерибизге жөрмөлөсөк да жетербиз. Айдоочулар, абайлаңыздарчы, бири-бириңиздерге сый-урмат болсо, жолдун кыйынчылыктарын алдын алат элеңиздер деген ишеничтемин", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.