№2-түзөтүү абагындагы аялдар үчүн "таза аймактын" курулушу 2017-жылы башталат

№2-түзөтүү абагындагы аялдар үчүн "таза аймактын" курулушу 2017-жылы башталат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровдун Борбор Азия боюнча баңгизаттын жайылуусун токтотуучу CADAP-6 долбоорунун координатору Александр Зеличенко менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кызматташуунун жыйынтыктары чыгарылып, келечектеги кызматташтык тууралуу да сүйлөшүүлөр болгон. Ошондой эле Степное айылында жайгашкан №2-түзөтүү абагындагы аялдар үчүн курула турган "таза аймактын" курулушу да талкууланган.

"Таза аймактын" курулушун CADAP-6 долбоору каржылайт. Анын курулушу 2017-жылдын биринчи кварталында башталат. Тараптар бири-бирине жаңы жылдык куттуктоолорду, каалоо-тилектерди айтышты", - деп жазылат маалыматта.

Түзөтүү абагындагы "таза аймак" - жаза өтөп жаткандарды баңгизаттан баш тартууга мүмкүнчүлүк түзүүчү жай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан