Берлиндин жүздөгөн жашоочулары Сириянын Алеппо шаарын көздөй жөө бет алышты

Берлиндин жүздөгөн жашоочулары Сириянын Алеппо шаарын көздөй жөө бет алышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, берлиндиктер 3 миң чакырымга созулган Алеппо шаарына чейинки жолду жөө басып өтүү менен сириялыктарга коомчулуктун көңүлүн бурдурууну көздөшкөн.

Германия Алепподогу жашоочулар үчүн гуманитардык жардам катары 15 миллион евро бөлө турганы белгилүү болгон. Бөлүнгөн каражат сириялык дарыгерлердин, санитарлардын жана психологдордун эмгек акысын төлөп берүүгө жумшалмакчы.

Белгилүү болгондой, Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министри Герд Мюллер БУУну Сирияга жардам берүүгө чакырык жасаган. Алеппо бир нече убакыттан бери бомбалоолордон зыян тартып келет.

Берлиндин жүздөгөн жашоочулары Сириянын Алеппо шаарын көздөй жөө бет алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
UlukmanKalyev
2016-12-27 11:02:24
Туура бүгүнкү күндө Сирия маселеси глобалдык проблемага айланды.
+8
leilek_suluktu
2016-12-27 11:46:43
аман эле болушсунда баары.
+2
Nur1k
2016-12-27 12:00:35
Молодцы немецтер, жардам берип, озунорго качкындардын кобун алганынарга. Ангела Меркельге чон Рахмат ушунун баарына макул болуп кыз башы менен германияны онуктуруп келе жатат!
+13
MAN-CITY
2016-12-27 12:59:36
Немецтер адамгерчиликтуу келишет.
+8
Belek2070
2016-12-27 14:01:28
Германия Америкага 100% коз каранды экени окундурот. Американын уруксаты жок банктардан оз акчасын алалбаган олко экен...
0
Sajakat14
2016-12-27 14:56:19
Belek2070,Азыркы күндө 100% көзкарандысыз өлкөнү кол менен эле санайбыз.
+3
barakcha
2016-12-27 14:08:36
Эми буларды бироо жарым жардырып жибербесе экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан