ЭЛДИК КАБАР: Өзгөндүн жолдору тазаланбай, жөө жүрүүчүлөр жыгылып жатышканын айтты окурман

Өзгөндүн жолдору тазаланбай, адамдар жыгылып жатканын окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 27-декабрда WhatsApp аркылуу билдирди.

"Өзгөндө унаа жолдору да, тротуарлар да кардан тазаланбай, муз тоңуп, жөө жүрүүчүлөр жыгылып жатышат. Дагы канча адам жыгылып, колу-буту сынат? Жок дегенде тротуарларды тазалап беришсе. Чоң жолду айтпай эле коёюн, кум же туз сепкенин деги эле көрө элекпиз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bolunbo.kyrgyz
2016-12-27 18:38:07
Ай озгон эмес бишкек деле ушундай
+4
Rifle_I
2016-12-27 20:49:04
Баардык жерде ушундай . Кечээ менин дежкрствомдо 2 бейтап келген. Бири бутунун 2 сөөгү сынып, экинчиси акырегин сындырган. Бүгүн операцияга даярдалып,эртең менен жасайбыз.
+3
nura.177
2016-12-27 21:00:01
Ээй тобоо качан онолоткенбиз , сонку кабар адамды кыжаалат эле кылат экенда , ага болунгон акчплар бироолордун чонтогуно кирип кеттида
0
Malik92
2016-12-27 23:20:20
Москвада деле ушундай жолдор тазаланбай ылай суу болуп жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан