Чаткал районунда Жол тейлөө ишканасынын карамагындагы 217 чакырым жол тазаланды

Чаткал районунун борбордук көчөсү тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG порталына Чаткал райондук жол тейлөө ишканасынын башчысы Мурат Жоошев билдирди.

"Чаткал районундагы борбордук көчөлөр толугу менен тазаланып бүттү. Биздин ишкананга 217 чакырым карайт. Бүгүн таңкы саат 06:00дөн тарта жол тазалоо иштерин жүргүзүп баштаганбыз. Балдар мектепке барууда кыйынчылык жаралып жатканы чын. Балдар жүрүүчү жолдор Чаткал, Терек-Сай айыл өкмөттөрүнө карайт. Ички жолдорду айыл аймак жетекчилиги көзөмөлгө алышы керек болчу", - дейт Жоошев.

Мурат Жоошевдин маалыматына ылайык, Ак-Таш аймагындагы 17 чакырым жол да тазаланган. Ал эми борбордук көчөлөрдү тазалоодо 2 бульдозер, 2 грейдер жана кар жүктөөчү кубаттуу техникалар жумуш алып барган.

Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Ала-Бука-Чаткал жолундагы Чапчыма ашуусунда да жолдор толугу менен тазаланып бүткөнүн, жүргүнчүлөр үчүн ашуунун жолу ачык экенин кошумчалады.

Эске салсак, окурман 27-декабрда "Элдик кабарга" Чаткал аймагында кар жарым метрге жетип, жолдор тазаланбай жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dima85z
2016-12-28 04:52:26
Ишенем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан