Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүнкү маалыматына ылайык, курч мүнөздөгү респиратордук вирусуна кабылгандар менен сасык тумоого чалдыккандардын саны кыскарып, эпидемиологиялык абал республика боюнча турукташууда.
"26-декабрга карата ооругандардын саны 1,6 эсе азайды. 19-декабрда 5021 адам курч мүнөздөгү респиратордук вирусу жана сасык тумоо менен кайрылса, 26-декабрда 1919 кайрылуу болду", - деп айтылат маалыматта.
Оорулардын басаңдашы Бишкек, Ош шаарларында жана республиканын бардык облустарында болуп жатканы маалым болду.
"Учурда эпидемиологиялык абал көзөмөлдө, калк арасында күнүмдүк мониторинг жүргүзүлүп жатат", - деп кошумчалашкан министрликтен.