Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Жеке-Мисте айылында 275 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 28-декабрда WhatsApp аркылуу билдирди.
"Ачылган мектептин спортзалы дагы бар. Биздин айылдыктар мектептин ачылышына сүйүнүшүүдө", - дейт окурман.
Ошондой эле окурман Кыргыз жергеси боюнча кар жаап жатса, аталган айыл өкмөттө учурда кар жок экенин кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.