Өлкөдө жаз, күз мезгилинде аңчылык кылууга тыюу салынат

Өлкөдө 2017-жылдан тарта күз, жаз мезгилинде аңчылык кылууга тыюу салынат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин алдындагы аңчылык департаментинин башчысы Алмаз Мусаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы” жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип, күз, жаз мезгилинде кийик уулоого тыюу салуу каралууда. 2017-жылдан тарта бул норма күчүнө кирет. Мусаев республика боюнча жаныбарлардын 30 түрүнө, негизинен ача туяктуу – аркар, текелерге аңчылык кылууга уруксат берилгенин билдирди.

Аткаминердин айтымында, акыркы эсептер боюнча 2016-жылы бул кайберендердин саны 12-17 миңди түздү. Климаттык шарттын өзгөрүшү жана башка себептерден улам алардын саны азаюуда.

Буга чейин депутат Алмасбек Акматов жазында кийик уулоого тыюу салууну сунуштаган. Анын айтымында, бул мезгилде кайберендер төлдөйт, мындан улам аңчылык алардын көбөйүшүнө терс таасирин тийгизет.

Мурда мекеме жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу боюнча документ даярдаган. Ага ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тарта кайберен атууга жол бербөө пландалууда. 2017-жылдан 2019-жылга чейин Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, 2020-2022-жылдары Нарын жана Ош облусунда, 2023-2025-жылдары Жалал-Абад жана Талас облусунда аң уулоого тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Blueaffair
2016-12-28 23:40:16
Озу 5 . 10 жылдай тыйуу салыш керек жаз кузу жок эле
+1
NARYNGRAD
2016-12-29 16:01:21
Жакшы нерсени демилгелеп жатыпсынар. Бирок такыр эле тыюу салыш керек, чет өлкөлүктөрдүн кенедей акчасына кызыкпай. Андан дагы туристтеринер жөн келип, жөн кетпей жол таппай, кар күрткүдө калып приключения болуп атышат. Илгери ата-бабаларыбыз айылын, уруусун багып, ачкадан алып калыш максатта кийик атышчу. Азыр эмне ачка болуп атасынарбы? Көпкөңдүктөн, акчасын эмне кылышаарын билбей жаратылыштын кооздугун талкалап, зыяндан башка пайда алып келишкен жок.
0
Baatur7777
2016-12-29 19:31:50
Такыр эле салыш керек!баарыбир ошондо да атышат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан