Ноокат районундагы Көк-Жар айылында көпүрөнүн курулушу бүтпөй, кырсыктар көп болууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн ортосундагы көпүрө 2 жылдан бери оңдолуп бүтпөй келет. Ушул себептен айланып өтмө жолго унаалар батпай, оор жүк ташуучу унаалардын бири оодарылып кетти", - дейт окурман.
Анын айтымында, кырсык кечээ, 28-декабрда болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.