Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык факультетинин ишмердүүлүгүн текшерүүгө ректор тарабынан комиссия түзүлгөн. Бул тууралуу окурман бүгүн, 30-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Педагогикалык факультетти текшерүүгө түзүлгөн комиссиянын максаты - факультетти жабуу. Кечээ, 29-декабрда Билим берүү жана илим министрлигине барганбыз, бирок министр бизди Жаңы жыл майрамынан кийин кабыл алмай болду", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.