Мындан 89 жыл мурун, 1927-жылы 30-декабрда Японияда Азиядагы алгачкы метро линиясы ачылган. Ал "Асакуса" жана "Уэно" борбордук станцияларынын ортосунда болгон. Узундугу 2,2 чакырым болсо да, жер астында жол жүрүүгө кызыккан япондуктар метрого 2 сааттап кезек күтүп турушкан.
Япон метросун куруу демилгесин ишкер Морицугу Хаякава көтөрүп чыккан. Ал 1914-жылы Улуу Британиянын Лондон шаарына барып, ал жерден дүйнөдөгү эң алгачкы метролордун бирин көрүп, өз өлкөсүнө да курууну чечкен. Бүгүнкү күндө Токио метросу жылдык жүргүнчү агымы боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт.
30-декабрга карата жылнаама.