ЭЛДИК КАБАР: "Москвада жумуш берем дегендер алдап кетишти" дейт окурман

Окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кайрылып, Орусиянын Москва шаарында жумуш берем дегендер алдап кетишкенин айтты.

"29-декабрь күнү жумушка балдар керек дегенинен белгиленген жерге досум экөөбүз бардык. Ар бирибизден "пропуск" жасатабыз деп 70 рублдан алып, 1-январь күнү келгиле деген. Ошол күнү 100дөн ашык бала чогулдук, бирок баягы бизден акча алгандардан дайын жок. Көрсө, алар ар бирибизден 70 рублдан алып качып кетишиптир. Мындай акчаны жөн деле сураса берет элек, бирок чет жерде кыргыздар кыргыздарды алдап кетишкени капалантты", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
elmurat.kg
2017-01-02 13:24:13
ээ азыр кыргыз кыргызды корсо качат
+14
elmurat.kg
2017-01-02 13:25:35
чет жерде бирге болуунун ордуна ушинтишет.андан кору баары чогулуп иш жасап бир муштумдай болсонор боло
+14
elmurat.kg
2017-01-02 13:26:17
супер эмнеге Менде видеолор ачпай жатат мурун ачат эле
-3
admin_portal
2017-01-03 11:55:17
elmurat.kg, саламатсызбы? Кандай катачылык чыгып жатат?
-1
Kroxa
2017-01-02 13:29:56
70 руб дагы жакшы 500дон 1500го чейин алдангандар бар орустар эле фирма ачып алып жумушка оформление,форма деп колуна чекти берет бир жумада кел дайын болот баары деп.. келсен жаап салган офисин,же башка фирма башка адамдар отурган болот знать незнаю деп кайда барасын анан???
+9
jazy
2017-01-02 13:44:55
Москвада эч кимге ишенбеш керек озунорго гана ишенгиле айрыкча иш бар деп айткандарга сак болгула мекендештер
+8
Mirzohidjon
2017-01-02 13:59:00
Урматтуу Супер 2017-жыл кандай жыл болгонун сурап чыгарып коесуздарбы? Россияда ~Экология, Беларуста -Наука, Узб-Диалог с народом, ОАЭде-Благотворительность бизде эле жок болуп атат
0
tatynam_88
2017-01-02 16:10:20
Mirzohidjon,мен да сурайын дегем.
0
arzygulR
2017-01-02 15:27:55
Тообо акча учун эмнелерди гана жасашпайт адал эмгек мн табышпайбы
+1
KG.Kushtarbek
2017-01-02 16:13:24
кайсы метродо болгон екен
0
Aldyiar
2017-01-02 16:41:25
Мисалы кайсы жерде, кайсы иш канада пропускду акчага кылат экен, ошол 70 рублден акча берген ошол адамдар кок мээлер экен.Ойлонбой эле иш десе эле акча бере берет экенсинерда ошол адамдар. Биринчиден акча берген адамдар кунолуу.
-6
Jamalym
2017-01-02 16:45:27
Майрамга акча таппай калышкандыр да.
+1
almazbei
2017-01-02 17:15:44
Jamalym, туура айтасын жаны жылдын алдында акча иштеп алышыптыр да биртике?!
0
meni_kut
2017-01-02 17:39:34
Ушунча коп адамды алдап умуткор кылгандар,жазанарды Аллах берет,азырго качтынар,кыяматта кайда качасынар!
+6
Mirzohidjon
2017-01-02 19:17:43
супер инфо менин суроомо жооп ала аласыздарбы
0
admin_portal
2017-01-02 20:25:22
Mirzohidjon,сунуш эске алынды.
-2
Mirzohidjon
2017-01-02 23:41:50
Рахмат. а то быйыл эч нерсе жылы болбой калабы деп кыжаалат болуп аттым эле
-2
Barchynbek
2017-01-03 09:01:06
Кыргызстанга жол кире топтоп алып кетишкен окшойт бул зоокурлор
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан