ЖЫЛНААМА, 3-ЯНВАРЬ: 58 жыл мурун Аляска АКШнын 49-штаты деген статуска ээ болгон

Мындан 58 жыл мурун, 1959-жылы 3-январда Аляска АКШнын 49-штаты деген статуска ээ болгон. 1812-жылы Иван Кусков аттуу соодагер Форт Росс пунктун негиздеген. Бул жер орустардын Аляскага жайгашуусун камсыздаган. Америка континентинде жайгашкан форт бир нече жыл бою жүн менен соода кылган орус-америкалык компаниясынын таяна турган пункту катары кызмат өтөгөн.

1867-жылы 30-мартта Орусиянын АКШга Алеут аралдары жана Алясканы саткандыгы тууралуу келишимге кол коюлган. Ошол эле жылдын октябрь айында Аляска АКШга берилген. Орусия 700 чакырым аралыкка чейин созулуп жаткан жарым аралды 7 миллион 200 миң долларга саткан.

1884-жылы АКШнын Конгресси Алясканын аймагында башкаруу органдарын түзүү тууралуу чечим чыгарып, ага губернатор, округдук сот дайындалган. Билим берүүгө 25 миң доллар бөлүнүп, алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга тыюу салынган. Аталган аймак аянты боюнча АКШнын эң чоң штаты болуп эсептелет. Борбору - Жуно шаары.

3-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан