Нарын районунун Кара-Кужур айылында окуучулар 30 чакырым жол жүрүп мектепке барышат

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур айылында окуучулар 30 чакырым жол жүрүп мектепке барышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына Миң-Булак айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу Казыбек Усупов билдирди.

"Кара-Кужур айылынын Сарай өрөөнү айыл макамын ала элек. Өрөөндүн окуучулары үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен атайын 2 кичи автобус бөлүнүп берилген. Алар окуучуларды мектепке жеткирип, кайра алып келишет. Аталган унаалар айыл аймактын карамагына өткөрүлүп бериле элек. Азыркы убакта жаңы шайланган депутаттар алгачкы сессиясын дагы өткөрө элек. Биринчи квартал ичинде жергиликтүү бюджет бекилгенден кийин транспорт маселесине болгон төлөмдөрдү азайтууну карайбыз", - деп билдирди Усупов.

Маалыматка ылайык, Сарай өрөөнүндө 60ка жакын кожолукта 150дөн ашуун эл жашайт. Аталган аймакта бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык имараттар жок.

Кара-Кужур айылынын тургуну Нурлан Кашкариев: "Биздин айылдын эли мал чарбачылыгы менен алектенет. Таза суу маселеси оор. Айылдыктар жерден чыккан булактан пайдаланышат. Мындан сырткары медициналык пункттун абалы оор. Ал эми балдарды мектепке ташыган автоунаанын айдоочусуна жана унаанын күйүүчү майына, ошондой эле оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдарына каражат төлөй албай кыйналып жатабыз", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks83
2017-01-05 17:00:03
ат менен же ар кайсыл айылдарда журуп окучу эмес беле казыр жакшы го мурдагыдай эмес.анан байлар кичине колунарды ачып койсонор балдарынар учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан