Кыргыз Республикасынын жарандарынын 50 пайызынан көбүн 25 жашка чейинкилер түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мира Карыбаева билдирди.
Анын айтымында, көптөгөн мамлекеттер демографиялык кризиске кабылып жатышат. "Биз жаш өлкөбүз. Бүгүнкү жаштарыбыз кимдер? Алар канчалык билимдүү? Жаштар эртең өлкөнү каякка алып барышат? Өлкөнүн келечеги жаштардын колунда. Ошондуктан аларга туура тарбия берүү, ыймандуулукка, адептүүлүккө үйрөтүү максатында 2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыяланды", - деп түшүндүрдү Карыбаева.