4-январдан тарта тез арада паспорт алуу төлөмү убактылуу төмөндөдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 6-январда билдирди.
Эми 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортту (ID-карта) 8 күндө - 442 сом, 4 күндө - 540 сом, 2 күндө алуу 639 сомду түзөт.
Ал эми 2006-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортту 8 күндө алуу үчүн жарандар 884 сом төлөшсө, 4 күндө - 982 сом, 2 күндө алуу үчүн 1081 сом төлөшмөкчү.
"Бул чара "Инфоком" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык тобокелдиктерди ажыратуу боюнча планды аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылы 10-декабрда кабыл алынган "Улуттук валютанын курсун турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикасын дедолларизациялоо боюнча чаралар" тууралуу токтомун ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
МККнын басма сөз катчысынын айтымында, бул баалар качанкыга чейин сакталары белгисиз.