Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу айылында үзүлгөн электр зымдары жерде жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Эки үйгө электр тогун өткөргөн зымдарды чөп жүктөгөн унаанын айдоочусу үзүп кеткен. Зым бир жарым суткадан бери жерде чубалып жатат. Кокус бирөө токко урунуп алса, ким жооп берет? РЭСтин кызматкерлеринен дайын жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.