"Кыргыз мамлекетине продукцияларды унаа менен Казакстан аркылуу ташууга тыюу салынды" деген маалымат тактала электиги айтылды

"2017-жылдын 1-январынан тарта Казакстан Кыргыз мамлекетине эт жана сүт продукцияларын унаа менен өз аймагы аркылуу ташууга тыюу салды" деген маалымат боюнча депутаттар жооп алышты. Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда аталган маселе талкууланды.

Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун айтымында, учурда жогорудагы маалымат боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. "Бизге 3-январда электрондук почта аркылуу кат келиптир. Ага Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаева айымдын колу коюлган. Кат орус тилинде өтө татаал жазылыптыр. Аны эки жактуу түшүнсө болот. 2016-жылдын 20-21-декабрь күндөрү Москвада Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде отуруму болгон. Бизден вице-премьер-министр Олег Панкратов катышкан. Отурумда "темир жол аркылуу дагы Кыргыз Республикасына продукцияларды ташууга уруксат берели" деп айтылган. Биз ошол боюнча түшүнүп жатабыз. Биз 3-январда жумушка келип почтаны карасак, казакстандык башкы адис биздин башкы адисибизге кат жөнөтүптүр. Анда "биз кыргыз тарапка Луговой-Илецк темир жолу аркылуу эт жана сүт продукцияларын ташууга уруксат беребиз" деп айтылган. Биз ушундай түшүнүп жатабыз. Биз 3-4 күндөн бери иштеп жатабыз. Казак тарап менен сүйлөшө албадык. "Катты кандай түшүнсө болот?" деп сурап тактайлы деп жатабыз. Бүгүн Орусияда, Казакстанда жумуш башталды. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенип жатабыз", - деди Жумаканов.

Мындан тышкары ал бүгүнкү күнгө чейин станцияларда эч бир кармалган транспорт жок экенин баса белгиледи. "Биз күн сайын эртең менен, түштө жана кечинде бардык посттор менен байланышып маалымат алып турабыз. Эч кандай кармоолор катталган жок", - деп кошумчалады инспекциянын директору.

Депутат Дастан Жумабеков ЕАЭБдин ичинде продукциялар тоскоолдуксуз өтүшү керектигин айтты. Анын айтымында, эгер Казакстан кыргыз тарапка товарларды өз аймагы аркылуу ташууга тыюу салса, кыргыз ишкерлери жана өндүрүүчүлөрү үчүн оор болот.

Комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров аталган инспекцияга тактоо иштерин жүргүзүп, так маалымат берүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан