Кыргыз өлкөсүндө орточо пенсия 5151 сом болсо, 100 миң сом пенсия алгандар да бар

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 9-январдагы отурумунда пенсиялардын көлөмү тууралуу маалымат берилди. Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтымында, республика боюнча орточо пенсия 5151 сом, ошондой эле 100 миң сом пенсия алгандар да бар.

"Ким өз убагында жакшы киреше таап, Социалдык фондго көп төлөп турган болсо, алар учурда 100 миң сом пенсия алышууда", - деди ал. Мындан тышкары Абжапаров 2017-жылы пенсияларды төлөөгө 633 миллион 96 миң сом көлөмүндө каражат каралганын белгиледи.

Депутаттар 30 жыл мектепте мугалим болуп иштегендер 3 миң сом пенсия алып жатканын айтышты. Комитет Социалдык фондго мугалимдердин пенсияларын жогорулатуу үчүн чараларды көрүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
tynyxan
2017-01-09 14:01:16
Менин атам 60мин эле алат.
0
tulpar90
2017-01-09 14:41:21
tynyxan,60000. Көп экен
+1
Riokyrgyz
2017-01-09 16:57:23
tynyxan,60мин элеби?мынча аз.
хе хе
+1
ruslanz
2017-01-09 14:07:41
Атасы бардын ырысы бар" деген создун сага туз тиешеси бар экен.
+4
Nur1k
2017-01-09 14:09:19
100 мин? Кыргызстан онугуп кеткен окшойтго э?
+4
Seryi-Kardinal
2017-01-09 14:40:34
patent da sotsialdyk tolomgo kirebi, bilgender aityp koigula4y
+1
ruslanz
2017-01-09 14:53:06
Seryi-Kardinal, кирбейт.
-1
Saribulak
2017-01-09 14:43:05
Жуз минди жанагы чондордун ата энелери эле албаса
+3
Izdeim_seni.
2017-01-09 15:18:30
Мугалимдер,жон эле жумушта иштегендер ото эле аз айлык,пенсия алышат.
0
Boroev525
2017-01-09 15:18:55
20мин алам мен
-1
KGstan1981
2017-01-09 15:48:18
Россияда шахтерлор пенсияга чыгып 20 мин руб.дан ашык алышат Кудай Буйурса мен дагын эс аман без травмы пенсияга чыксам мен дагын 25 мин руб пенсия алам
+1
nargis
2017-01-09 16:34:19
Сос фондго канча акча толоп турсак 100000 менен пенсяга чыгабыз.
+2
Arsenal2
2017-01-09 17:29:36
Жакшы суйлошсон жакшы пенсия чыгарат.жада калса бул жакта да коррупция
+2
bakulya2015
2017-01-09 22:24:27
Мен тушунбодум жыл жыйынтыгы менен 100минби же айынабы?
-1
ularik_kg
2017-01-10 01:55:45
bakulya2015, жакшы каранызчы
0
ularik_kg
2017-01-10 01:56:48
Кыргызстан карызды толойлу 2 ай ошолор пенсия албасын 10% толоп коёт элек ха ха
+1
Revolyutsiya
2017-01-10 04:59:19
Мугалимдер, врачтар 30-40 жылдап иштеп ар ай сайын соц.толомдорду толоп, акыры пенсияга чыкканда 3000-4000 сом менен пенсияга чыгышат. Ал эми омуру соц.толом толобогон уй кожойкеси же бир соодагер соц.фонддо иштегендерге 2000-3000 кыстарып койсо аларды 5000-10000 сом менен пенсияга чыгарышууда. Ушулбу адилеттуулук?!! Отунбаева кайсы эмгеги учун 100000 алат тушунбоймун. Эгер мен президент болгонумда Отунбаева пенсия алмак турсун, мамлекетке миллиондогон доллар карыз болмок!
+1
Revolyutsiya
2017-01-10 05:02:05
Эгер Жогорку Кенеште бир акылдуу депутат табылганда, кой ушул 20000 сомдун устундогу пенсиялардын баарын жойобуз деп демилге котормок. Кыргызстандагы максималдык пенсия пенсиянын орточо коломунон 3-4 эседен коп болбош керек...
0
Kroxa
2017-01-11 01:13:46
Менин апам 27жыл мугалим болуп иштеп 6 мин аран алат анысы дарысынан ашпайт анадан коп акчага дары дармек алабыз 100миндеп алгандар уялышса боло??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан