Кара-Сууда дарыгер тез жардамга муктаж баланы кароонун ордуна "намаз окуйм" деп кетип калган

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова бүгүн, 9-январда социалдык тармактагы өздүк баракчасына ага түшкөн арыз боюнча билдирүү жазган. Билдирүүгө ылайык, Кыргыз жергесинде ооруканалардын биринде талма оорусу менен ооруп, тез жардамга муктаж болгон баланы дарыгер намаз убагы болуп калганына шылтоолоп кабыл албай койгон.

"Дарыгер баланын көзүнө жаш алган туугандарынын суранычына карабай эшикти жаап койгон. Адамдардын ден соолугуна кооптуу абал жаралуусуна жол берилбеши керек. Бул жерде административдик чара көрүү менен чектелбеш керек", - деп жазган Баялинова. Муну менен ал Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан бул маселеге көңүл бурууну өтүнгөн.

Бул окуя Ош облусунун Кара-Суу районундагы ооруканада болуп, министр ишти өз көзөмөлүнө алганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
cezim01
2017-01-09 13:40:56
Жардам корсотуп коюп анан окуса да болсо керек эле. Бироонун козу чачырап турганда жардам бербей окуган намазы кабыл болдубу аны бир Аллах билет да
+9
aseras
2017-01-09 13:43:16
Болду эми...муфтият жооп бериптир жогору жакта...
+4
ruslanz
2017-01-09 14:02:54
Намаз окуп койсо эле баары кечиримдуу болмок беле. Биринчи мусульман деген ким ошону билип алалы, анан ошого мен туура келемби деп ар бирибиз ойлошубуз керек. Бул создун чыныгы мусулманга тиешеси жок. Акылдуусунуп жатсам кечирип койгула.
-1
Seiil.94
2017-01-09 14:03:45
чала молдо турбайбы анда бул врач
+6
SARMAT
2017-01-09 14:16:46
Seiil.94,сен эмнени кыйраттып атырын
-7
Nuura
2017-01-09 14:11:48
Негизи врач туура эмес кылган .Эгер намазы калып калса же оз убагында жетишпей калган намаздарын туну окуп койсо болот.
+2
Bazana
2017-01-09 14:50:42
Админ саламатсызбы откондо озунду кара тизмеден текшерсе боло турган сайтты чыгардынар элего ошону айтып койосунарбы сураныч таппай калдым же билгендер болсо айтып койгулачы
+1
ajo8989
2017-01-09 15:02:21
Ой тообо эмнеле уруштасынар, башта бул маалымат туура жеткенби жетпегенби ошону билип туруп комментарий калтырсанар болмок, себеби мен ошол ооруканада иштейм бухгалтер болуп. намаз окуган врачты жакшы тааныйм ал ооруларды аябай жакшы карайт озу да кичипейил инсан. Ал оорулуу кыз эсин жоготуп келгенде реаниматолог медициналык жардам корсоткон. Оорулуу кыз озуно келип ойноп калган мезгилде кабыл алуу болумундо невропотолог кузотто турат деп консультацияга алып барган.
+2
momun74
2017-01-09 18:44:27
ajo8989,рахмат сизге Тим эле бул жакта болбой калышты эле куноолоп
0
temirov76
2017-01-09 15:07:57
Багымдат м.н шам намазынан башка намаздарды жарым саат бир саат кечиктирип окуп алса боло берет го жумуш зарыл болуп калса же бул пациент шам намазынын убагында келип калды бекен?
-3
ajo8989
2017-01-09 15:13:52
Ал эми невропотолог катарында эмес ошол учурда кузотчу дарыгер педиатр катарында тургандыгын тушундуруп жана кабыл алуу болумундо бир аз убакыт кутуп турунуз намаз окуп алайын деп суранса, оорулуунун таекеси мас болуп келгендиктен жок жанжал которгон, Ал жерде жон эле суранган намаз окуганы кетип калган эмес ошол жерде реаниматолог менен бирге карашкан
0
Izdeim_seni.
2017-01-09 15:14:55
Баарынар тимеле Кудай болуп аласынар. Андай мындай деп. Жанынар кыйналса корот элем,врачты намаз окуп жаткан жеринен суйроп келмексинер
+3
ajo8989
2017-01-09 15:19:00
Керек болсо оорулуунун апасы муну далилдеп апасы да айткан бизде видеосу да бар. реаниматолог таекесинен кечирим сураган, таекеси да мас абалында эоцияга алдырганын сезип ал да кечирим сураган.
+2
ajo8989
2017-01-09 15:28:10
Оорулуунун таекесинин аялы журналист болуп иштейт экен. Менимче таекеси мас абалында аялына айткан, ал эми аялы хипиш которуп бул саламаттык сактоо министрлигине арыз калтырган. Мына ушундай туугандар бардык нерсе арак ичкенден болатат, таекеси соо болгондо мындай жалган-жалаа маалыматтар таркамак эмес, Арак- бардык жамандыктын башаты аны баары билишет. интернетке тараган маалыматтардын баарынале ишене бербениздерди суранат элем...
0
momun74
2017-01-09 18:47:19
ajo8989,вот тайкесинин аялы ### тура акмак менде киста бар экенин ооруп атканымы коруп туруп бир Айдан кийин кел врачын келет деген киста тездик мн чонойо берет экен мен арыздансам жыйвнтык чыкпаган
0
Aksy.24kg
2017-01-09 15:49:08
Врач намаз окуйт дегенди укпадым эле
-3
Azizbek.kg8
2017-01-09 16:24:24
Бул жерде жаш Балканы омуру коопту абалда болсо биринчи баланы карап когону дурус болоор эле буга шариада руктат жардамга муктаждарга жардамга корсотот омурун сактап калуу 2ракат намаздын соопуна тетке.
+1
ajo8989
2017-01-09 16:46:47
Катчыларга айтаарым жазат деселе жаза бербестен так туура маалыматтарды чыгарсанар териштирип сураштырып дегендей, эптеп эле жалган жалаа жаба бербестен ошентип озунордун иштегенинерди корсотойун деп жатасынарбы, кудайдан корксонор боло, оз пайданар учун намазды аралаштырып жаман аттуу кылбай.
0
momun74
2017-01-10 00:06:24
ajo8989,Эн туура
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан