Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев SUPER.KG порталына дарыгер намаз убактысына шылтап, талма оорусу менен түшкөн баланы карабай койгон окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
"Дарыгер биринчи кезекте ооруканага ооруп келген адамды кабыл алышы керек. Намазды кийинки намаздын убактысына чейин окуса болот. Мисалы, бешим намазын аср намазынын убагына чейин окууга мүмкүн. Алгач баланы кабыл алып, жардам берип же тиешелүү бөлүмгө жиберип коюп окуй берсе болмок".
Ошондой эле басма сөз катчы бул окуя боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.
"Мусулмандардын атын жаман көрсөтпөө максатында окуя болгон аймакка түшүндүрүү катын жөнөтөбүз. Бул үчүн учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинен тиешелүү маалыматтарды алып жатабыз", - деди Максат Атабаев.
Эскерте кетсек, жогоруда жазылган окуя Кара-Суу районунда катталган.