Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда каралууда. Анын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевадан мектептерде кыргыз адабияты сабагынын кыскартылары тууралуу сурады. Ашымбаеванын айтымында, кыргыз адабияты сабагы кыскартылбайт. "Окуу жылына план өзгөрүүсүз калган. Кыргыз адабиятын дүйнөлүк адабият сабагы менен биргеликте өтүү тууралуу сунуштар түшкөн болчу", - деди билим берүү жана илим министринин орун басары.
Андан соң депутат Момбеков Ашымбаевадан президент Алмазбек Атамбаев менен спикер Чыныбай Турсунбеков канча китеп жазып чыгарганына жана бул китептерди окуп-окубаганына кызыкты. Ашымбаева бул суроого жооп бере алган жок. "Президентибиз менен спикерибиз кыргыз адабиятына жакын адамдар. Быйылкы жыл Адеп, ыйман жана маданият жылы деп жарыяланды. Эгер кыргыз адабияты сабагын кыскартсак, окуучуларды кантип адеп-ахлакка үйрөтөбүз?" - деп нааразы болду депутат Момбеков.