SOS балдар айылдарында 4 жаштан 18 жашка чейинки 71 бала баш калкалоодо

SOS балдар айылдарынын директору Оксана Орозбаеванын айтымында, мекемеге республика боюнча оор турмуш шартына кабылган балдар түшөт.

"Жайсыз калган үй-бүлөлөрдүн балдары соттун чечими менен түшөт. Учурда 14 үй-бүлөлүк үйдө 4 жаштан 18 жашка чейинки 71 бала жашап жатат. Алар SOS-апалардын көзөмөлүндө. Мугалимдер, психологдор жана социалдык кызматкерлер да иш алып барышат. Балдарды тиричиликке, өз алдынча жашоого үйрөтүүдөбүз", - дейт Орозбаева.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова балдардын бул мекемеде жашоо зарылчылыгы кылдаттык менен аныкталышы керектигин белгилейт.

"Балдарды жиберерден мурда ар кандай варианттарды караш керек. Биздин башкы маселе - балдардын туулган үй-бүлөдө өсүшү", - деген министр.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жергесинде Ош жана Ысык-Көл облустарында фостерлик үй-бүлөлөр бар. Аларга сертификат берилген. Өлкө боюнча 9 фостерлик үй-бүлөдө 17 бала тарбияланууда.

Фостерлик үй-бүлө - оор шартта калган балдарды убактылуу асырап алуучу үй-бүлө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан