Кант шаарында ички жолдордун абалы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда (фото)

Кант шаарында ички жолдордун абалы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Шаардын унаа жолдору аңга айланып, бир канча убакыттан бери оңдолбой жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле жолдорго коюлган жол белгилери өчүп, көрүнбөй калган. Жергиликтүү жашоочулар жаз алды менен жолдордогу чуңкурлар жамалганын айтышууда. Ага карабай сапатсыз жамалган жолдор жарым жылга жетпей мурунку калыбына келип калган.

Мындан сырткары Кант шаарындагы жөө адамдар жүрүүчү жолдор таштандыга толуп, тазаланган эмес. Ошол эле таштанды чачылган жердин айланасында соодагерлер түрдүү азык-түлүктөрдү сатып жатканын байкадык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан