Бишкекте сасык тумоого жана курч мүнөздөгү респиратордук вирусуна кабылгандардын саны 1,5 эсе төмөндөдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан шаардык мэрияга билдиришкен.
"Дарыгерлер "Тез жардам" кызматына, Үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна жана республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган бишкектиктер азайганын белгилешет", - деп жазылган маалыматта.
Борбордун саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан мектептерге жана бала бакчаларга келгендердин күнүмдүк мониторинги жүргүзүлүп жатканы маалым болду. Дарыгерлер шаардыктарга эл көп жүргөн жерлерге баруудан алыс болуп, вирустун алгачкы белгилери пайда болор замат дарыгерлерге кайрылууну сунушташат.