Жаңы жыл алдында Бишкек-Кара-Балта трассасынын Новопавловка айыл аймагынан өтчү бөлүгү оңдоп-жамоо иштерин жүргүзүү үчүн казылган эле. Андан бери эки аптадан ашып калса да, оңдоо иштеринен эмдигиче кабар жок. Казылган чуңкурлар айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып, унаа тыгындары жаралууда. Жолдун казылган аймагынан жүрүүгө мүмкүн болбогондуктан, айдоочулар унааларын каршы тилке менен айдап жатышат. Бул адам өмүрүнө да коркунуч жаратууда десе болот.