Мындан 46 жыл мурун, 1971-жылы 10-январда улуу мода ханышасы Габриель Коко Шанель 88 жашында Парижде көз жумган.
Ал 1883-жылы 19-августта Франциянын Сомур шаарында төрөлгөн. Ата-энеси чогуу жашабагандыктан, кичинекей кыз жетимдер үйүндө тарбияланган. 12 жашка толгондо апасы каза болуп, атасы Габриелди католик мектебине киргизет. Жаштайынан эле Габриелдин мүнөзүндө өжөрлүк, көз карандысыздыкка, эркиндикке умтулуу сезимдери өрчүй баштайт. Интернатта дайыма бир форма кийип тажаган Габриель аялзатын өзү каалагандай кылып кийинтүүнү самаган. Өз алдынча жашоосун баштагандан кийин кездеме саткан дүкөнгө орношуп, кечкисин жергиликтүү кафеде ырдап жан баккан. "СоСо" деген ырды көп ырдаганы үчүн аны Коко деп атап коюшкан.
1913-жылы Этьен Бальзан аттуу адам Габриелге Довиль шаарында баш кийим сатуучу дүкөн ачып берет. Шанелдин алгачкы кардарлары пайда боло баштайт. Кичинекейиндеги тилеги орундалып, кийим чыгарууну ойлонот. Кээ бир кийимдерди Шанель түшүндө көрүп, анан тикчү дешет. Аялдар үчүн шым, костюм, юбкалардын жаңы моделдерин, спорт кийимдерин чыгара баштайт. Баш кийим, зер буюмдарынан сырткары атыр чыгарууга да жетишет. Анын атактуу "Шанель №5" деп аталган 1921-жылы чыккан атыры бүгүнкү күнгө чейин эч өзгөрүлбөгөн кайталангыс жытка ээ. 1914-жылы согушка катышкан аялдар үчүн Коко Шанель атайын тыкыс кийимдерди даярдаган. Мода дүйнөсүн жаңыртып, биринчи жолу санын көрсөтүп юбка кийген, чачын кыска кылып кырктырган, сумканы ийинге асынып баштаган. Франциядагы бардык аялдар анын кылганын кайталашкан. Анын мойнунда дайыма жипке өткөрүлгөн кайчы илинип жүрчү дешет. Ал аялдардын көйнөгүнөн ашыкча бөлүктөрдүн баарын кесип таштаган.
1930-жылдардын аягында Габриель кокусунан бардык дүкөндөрүн жаап, Швейцарияга көчүп кеткен. Бирок Кристиан Диор аттуу атаандашы пайда болгондо 70 жаштагы Шанель кайрадан мода чөйрөсүнө кайтат. Коко Шанель жылына 160 миллион доллар киреше алып келген "Шанель" үйүн түзгөн.
Коко Шанелдин айткан сөздөрү ушул күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек. Алардын айрымдарын сиздерге сунуштайбыз:
- Эгер сиз канатсыз жаралсаңыз, анын өсүп чыгуусуна тоскоол болбоңуз.
- Сулуулук бизге мырзалар бизди сүйүшү үчүн керек, ал эми акылсыздык биз эркектерди сүйүү үчүн керек.
- Эгерде эркектер менен көйнөктөрдүн кайсынысын тандаарыңызды билбей жатсаңыз, көйнөктү тандаңыз.
- Эгерде сизде мурда эч качан болбогон нерсени алууну кааласаңыз, буга чейин жасабаган нерсеңизди жасоого туура келет.
- Колдор - аялдын визиттик карточкасы, моюну - анын паспорту, ал эми көкүрөгү - анын жалпы жарандык паспорту.
- Өзүңө кам көрүү жүрөктөн башталышы керек, антпесе эч бир косметика жардам бербейт.
- Өңү ачык кийимдерди кийген аялдын маанайын бузуу оңойго турбайт.
10-январга карата жылнаама.