Бишкек-"Манас" аэропорту унаа жолунда туура эмес жерге коюлган жол белгиси 1 айдан бери илинип турат. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Чет өлкөдөн коноктор келип кетчү Бишкек-"Манас" аэропорту унаа жолунда, Ак-Жол айылына кире бериш жерде туура эмес жол белгисинин илинип турганы уят иш. Жол белгилерин орнотуучу ишкана ээн талаага "жер алдынан өтүүчү жол бар" деген белгини илип койгон. Ал жерде эч кандай жер алдынан өтчү жол жок. Жол белги айдоочуларды да адаштырууда. Тиешелүү кызматтар туура эмес илинген белгини алып коюшса болот эле. Бул бир айдан ашуун убакыттан бери турат", - деп билдирди окурман.
Окурман: "Чүй облустук патрулдук милиция кызматы күн сайын унааларды текшерип туруу үчүн ошол жолдон өтөт", - деп кошумчалады.