Бишкек мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев шаардык кеңештин депутаттарына акча
тараткан-таратпаганы тууралуу SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берди.
"Менин каршылаштарым Албек Ибраимовдун кайрадан шайлануу маселеси күмөн болуп калганын түшүнүп, ушундай ыплас кадамга барышты. Жергиликтүү басылмалардагы "Абдылдаев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына 30-40 миң доллардан таратууну убада кылды" деген провокациялык материал – бул эч ким жана эч нерсе менен тастыкталбаган карандай калп", - деп билдирди Нурдин Абдылдаев.
"Мен гезиттерди сотко берериме үмүттөнбөй эле коюшсун, мен бардык күчүмдү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен иштөөгө багыттайм. Кечээ фракциялар менен жолугушууда мен көпчүлүк депутаттардын жана мэриянын жөнөкөй кызматкерлеринин колдоосу менен түшүнүүсүн сездим", - дейт мэрликке талапкер.
Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шаар мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөтөт. КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы Албек Ибраимовду шаар мэри кызматына көрсөтүү чечимине келген. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер сунуштабай турганы маалым болгон. Саясий серепчилер "Бишкек мэрлигине талапкерлер Ибраимов менен Абдылдаев утулуп, үчүнчү талапкер жеңип чыгат" деген ойлорун айтышууда.
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо эртең, 11-январда өтөт.