Батирлерди сааттык жана суткалык мейманкана катары берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы чыккан Каракол шаарынын тургундарын облус башчынын орун басары Дамир Моңолдоров кечээ, 9-январда кабыл алган. Бул тууралуу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тургундар Ысык-Көл облусунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташканы белгилүү болду.
Д.Моңолдоров өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты аткаруучу гана орган экенин, мыйзамдар Кыргыз Республикасынын парламенти менен кабыл алынарын айткан. Ошол эле маалда тургундардын сунушу эске алынып, парламентке жеткирилерин кошумчалаган.
"Каракол шаарынын тургундары президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кат жазып калтырышты", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 16-ноябрында Жогорку Кеңеш батирлерди сааттык жана суткалык мейманкана катары берүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алган.
Мыйзамды бузган жарандарга 7 миң, кызмат адамдарына 9 миң, юридикалык жактарга 70 миң сомго чейинки өлчөмдө айып салынат. Ошондой эле мыйзамда ички иштер органдары көрсөтүлгөн администрациялык укук бузуулар боюнча иштерди карап, администрациялык айыптарды төлөтүүсү каралган.