2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңешке шайлоодо жана референдумда иштеген ар бир оператор колуна 6200 сомдон эмес, 5020 сомдон алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына алар өздөрү билдиришти.
Алардын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев башында ар бир операторго 8000 сомдон берилерин билдирген. "Кийин ал салык кармалып, ар бир операторго колуна 6200 сомдон берилерин айткан", - дешти операторлор.
Т.Сарпашев SUPER.KG'ге билдиргендей, башында Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир оператордун эмгек акысын 10 миң сомдон кылууну пландаган. "Ресурстук чектөөлөрдөн улам Каржы министрлиги ар бир операторго 1500 сомдон берүүнү сунуштаган. Анан биз компромисске келгенбиз. Эмгек акыдан салык кармалып, акча каражаты Каржы министрлигинен айыл өкмөттөрүнө түз кеткен", - деди Сарпашев.