Ош-Кара-Суу багытындагы иш таштаган кичи автобустун айдоочулары кайрадан жумушка чыгышты

Ош шаарынан Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына каттаган 20дан ашуун кичи автобустардын айдоочулары кайрадан жумушка чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына Мады айыл аймагынын башчысы Жамшит Матанбаев билдирди.

"Ош-Кара-Суу багытындагы 20дан ашуун кичи автобустун айдоочулары Ош шаардык мэриясына нааразычылык билдирип жумушка чыкпай коюшкан. Учурда сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында алар кайрадан эл ташыганга чыгышты. Эртең маселени Ош шаардык мэриясы тийиштүү кызматтар менен биргеликте карап чыгат", - деп билдирди Матанбаев.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине айдоочулардан нааразычылык билдирип келгендер болбогонун айтууда.

Эске салсак, Ош-Мады каттамы боюнча айдоочулар жаңы автобустардын каттамы түзүлгөн соң алардын маршруттук каттамы кыскарып калганына нааразычылык билдирип иш ташташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2017-01-10 16:03:57
MAKALAK, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан