Элге гемодиализ кызматын сунуштоо боюнча тендер жарыяланды

Кыргыз жеринде бөйрөк оорусунан жабыркагандардын түйшүгү жеңилдеши мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча бөйрөк оорусунан жабыркагандарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн тендер жарыялады. Долбоорго ылайык, гемодиализ Бишкек, Ош жана Жалал-Абад аймактарынын жашоочуларына кызмат көрсөтөрү күтүлүүдө. Бул аймакта өлкө жарандарынын 75 пайызы жашай турганын билдирет министрлик.

2016-жылы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ага 3 министрликтин жана 1 мамлекеттик фонддун өкүлдөрү кирген. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында мындай кызмат көрсөтүү гемодиализ жабдуусуна элдин мүмкүнчүлүгү жеткидей шарт түзөрү айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан