Ош облусундагы Чоң-Алайга иш сапары менен барган дарыгерлер 9-январдан 10-январга караган түнү төрөт учурунда аялдын жана ымыркайдын өмүрүн сактап калууга чоң салым кошушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Төрөт 9-январда таңга маал эле башталып, оорлогон. Жатыны айрылып, ымыркай чарчап калышы мүмкүн болчу. Бактыга жараша, ал жерге иш сапары менен Бишкектен акушер-гинеколог, профессор Арсен Аскеров жетектеген дарыгерлер тобу барып калган. 300 чакырым алыстыкта жайгашкан облустук ооруканага -30 градус суукта алып баруу мүмкүн эмес болгон. Бишкектик жана чоң-алайлык дарыгерлер бул сыноодон ийгиликтүү өтүп, эненин да, ымыркайдын да өмүрүн сактап калышкан. Ымыркай жаш үй-бүлөнүн тун наристеси. Окуянын бактылуу аякташы жергиликтүү тургундарды да кубандырды", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми дарыгерлер тобу жергиликтүү дарыгерлерге акушердик жардам көрсөтүү боюнча окуусун улантышкан. Эскерте кетсек, өлкөнүн акушер-гинекологдору өзгөчө кырдаалда төрөт кабыл алуу боюнча билим алышууда. 2 ай аралыгында 42 адис билим алды.